Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Бул чара Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп
жатканына байланыштуу. Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында,
Ноокат, Сузак жана Кара-Суу райондорунда киргизилген
өзгөчө абал эртең 15-апрелде аяктамак.