Майыптыгы бар балдардын кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, бул жолу балдарга жардам көрсөтүүгө адистешкен өкмөттүк эмес уюмдардын тизмелеринде турган балдар үчүн эс алуу уюштурулду.
123 баладан турган топ Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ден соолукту чыңдоо борборуна жиберилди.
Жалпысынан жай мезгилинде министрлик тарабынан Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 450гө жакын бала үчүн эс алуу уюштурулду.