Мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан

2020-жылдагы маалыматтарга караганда, мигранттардын 3 800гө жакын баласы бөтөн адамдар менен калышкан.

Бул тууралуу балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, өткөн жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып текшергенде эмгек мигранттарынын 86 миңге жакын баласы аныкталган.

«69 миң баланын ата-энеси акча табуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен. Алардын 3,8 миңи бөтөн адамдарга ташталган.

Балдарын курбуларына ишенип таштап кеткендер дагы болгон», — деди Рысбекова.