Мэрия калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо

Бишкек мэриясы калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.

 

Анын айтымында, мындай иш-чаралар бардык жаңы конуштарда сууну сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн зарыл.

 

Ошондой эле мэр “Орто-Алыш”  жер астындагы суу алгычында суунун тартыштыгын болтурбоо максатында изилдөө иштери жүргүзүлүп, жасалма толтурулган көлдөрдүн түбү тазаланганын белгиледи. Мындан тышкары “Башкара-Суу”, “Зонный” жана башка суу алгычтарды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.