Ноокат районунда мамлекеттик бала бакчаны 60 миң сомго сатып салышканы аныкталды

Ноокат районунда мамлекеттик бала бакчаны 60 миң сомго сатып салышканы аныкталды. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Имарат жери менен кошо сатылган. Ал эми текшерүүдө белгилүү болгондой, бала бакчанын базар баасы 4 миллион сомдон ашат. Тергөө жүрүүдө.