Ноокат районунун селден жабыркагандарга Өзбекстандан 95 тонна гуманитардык жардам келди

Ноокат районунун селден жабыркагандарга Өзбекстандан 95 тонна гуманитардык жардам келди.

 

Анда 24 тонна ун, 12 тонна күрүч, 10 тонна кумшекер жана башка азык-түлүк бар. Район акими Жакыпбек Субакожоев билдиргендей, жардам атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаж жарандарга таратылып берилет.

 

Эске салсак, Ноокат районунда 28-июнда катуу жааган жамгырдан улам  125 үйдү суу каптап, 11 үй жараксыз абалга келген. Жалпы 12 көпүрөнү сел алып, 19 чакырымдан ашык жолду суу каптаган. Буга чейин Казакстандан да гуманитардык жардам келген.