Ноокатта 41 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Оштун Ноокат районунда элге мыйзамсыз берилген 41 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди. 29-майда таратылган расмий кабарга ылайык, Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жер тилкесинин наркы 452 миллион 100 миң сом деп бааланган.

 

Баштапкы маалыматтарга караганда, Ноокат райондук администрациясынын 2014 жана 2020-жылдагы токтомдорунун негизинде трансформациялоо иштери жүргүзүлбөгөн жерлер турак жай куруу үчүн калкка бөлүштүрүп берилген.

 

Атайын кызмат Жер кодексинин айрым беренелери бузулганын билдирип, райондук прокуратура менен чогуу териштирүү жүргүзүлгөнүн кабарлады. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) иш козголуп, мурда жетекчилик кызматта иштегендер камакка алынды.

Расмий маалыматта бир канча киши камалганы белгиленген, бирок канча киши экени айтылган эмес.

 

2022-жылдан бери Кыргызстанда уруксатсыз курулган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштырууга багытталган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам алкагында айрым жер участокторуна мунапыс бериле баштаган. Бул үчүн 40 райондо, 20 шаарда 60ка жакын комиссия иштеп жатканы кабарланган.