Ноокатта электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери толук аяктады

Ноокатта электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери толук аяктады. “Ош электр тармактары” ишканасынан билдиришкендей, селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрү калыбына келтирилди.

 

Жалпысынан Ноокат району боюнча 66 жаңы электр мамылары орнотулду.

 

Учурда калктуу коңуштардагы дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.