Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурга карата жеринде 660тан ашык кызматкер жана 60тан көп техника иштеп жатат.

 

Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине, сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө 170тен ашык куткаруучу, 14 техника тартылды.

 

Мындан тышкары, Жарандык коргонуу кызматтарынан 150гө жакын кызматкер, 20дай техника, жергиликтүү тургундардан 350 адам, айыл аймактан 24 техника тартылган.

 

Эске салсак, 28-июнда Ош облусунун Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Табигый кырсыктан 9 адамдын өмүрү кыйылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.