Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, райондун Кулатов, Көк-Жар жана Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 5 экскаватор, 6 самосвал, 1 бульдозер жана жарандык коргонуу кызматтарынан 13 техника тартылып, иштер жүрүүдө.

 

Ошондой эле Кулатов айыл аймагынан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам, ӨКМден 68 куткаруучу тартылып, сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.