Ноокаттагы сел 7 адамды агызганы белгилүү болду

 Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында сел жети адамды агызганын ӨКМ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, алар кырсык болгон учурда сайда тапчанда отурушкан. Беш адамдын сөөгү табылып, эки кишини издеп жатышат.
Кырсык катталган айылда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Дагы жүз куткаруучу аталган айылга жөнөп кетти. Абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөөдө.
Сел ички эки көпүрөнү, 10 электр мамычасын агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. ӨКМ Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.