Октябрда өлкөдөгү пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомду түзөт.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин “1-октябрдан тарта пенсиянын индексациясы жөнүндө” токтомунда айтылат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.
Анда Кыргызстанда пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керектиги жазылган. Эске салсак, 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү жогоруласа, октябрда пенсиянын минималдык көрсөткүчү 6 миң 900 сомго жеткирилет. Өлкөдө 779 миң пенсионер бар.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.