Ордо калаадагы стационарларда 61 миңден ашык адам медициналык жардам алды

Ордо калаадагы стационарларда 61 миңден ашык адам медициналык жардам алды.

Мэриядан билдиришкендей, акыркы суткада күндүзгү стационарларга кайрылган бейтаптар

мурдагыдан азыраак болду. Аталган жайлар керектүү медициналык жабдуулар менен

камсыздалган. Учурда Бишкекте 20га жакын күндүзгү жана түнкү стационарлар иштеп жатат.