Ордо калаадагы жаңы веложолчо жарыктандырылды

Ордо калаадагы жаңы веложолчо жарыктандырылды.

Мэриядан билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жолчо, тагыраагы,

«Ден соолук» эс алуу багынан тартып Ала-Арча дарыясына чейинки тилке эми жарык болуп калды.

Аталган аймакка 176 чырак жана тирөөч орнотулду, ошондой эле 3,5 чакырым электр

чубалгылары тартылды. Иштерди «Бишкек жарыктандыруу»

муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.