Оренбург облусунан Кыргызстанга 2,5 миңге жакын жаран келе жатат

Оренбург облусунан Кыргызстанга 2,5 миңге жакын жаран келе жатат.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жеткирүүлөр бир нече этаптык колоннада

43 автобус менен жүргүзүлөт. Ага карата Казакстан транзиттик коридор ачып берди.

Ведомстводон эске салышкандай, Россиядан Кыргызстанга туруктуу аба каттамдар ачылганга

чейин мекендештер өз алдынча жолго чыкпай турушу зарыл. Учурда Москва, Новосибирски жана

Екатеринбургдан Кыргызстанга чартердик каттамдардын саны көбөйтүлдү.

Жарандарга элчилик жана консулдуктарга катталуу сунушталат.