Ош-Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эске салсак, кечээ кечки саат 6лар чамасында катуу жааган жаандан улам сайдан сел каптап, аталган жолдун 265-чакырымы кум-шагылга жана сууга толуп калган.
Учурда тазалоо иштери уланууда.