Ош шаарында 30 миңден ашык бөбөк бала бакчага баруу үчүн кезекте турат

Ош шаарында 30 миңден ашык бөбөк бала бакчага баруу үчүн электрондук каттоодо кезекте турат.

Балдарды бакчаларга жайгаштыруу үчүн калаага дагы 250 орундуу 110 бала бакча куруу керек, — деп

билдирди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Санталат Аматова. Анын айтымында,

мурда бир тайпага 70 бала кабыл алынса, азыр мыйзам чегинде 35 гана бала алынууда.

Учурда калаадагы бөбөктөрдүн 40 пайызы гана бакчаларга батат. Бүгүнкү күндө

Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 45 мамлекеттик бала бакча бар.

Аларда 13 миң 280 бала тарбияланат. Андан тышкары, 35 жеке менчик бакчада 2 миң 300 бала бар.