Ош шаарынын аймагында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 18-майда жаандан кийин сел жүрүп, 3 социалдык мекеменин жана 23 турак жайдын жер төлөлөрүнө суу толгон.

 

Жеринде 100дөн ашык куткаруучу, 8 атайын техника тартылып, сууну сордуруу, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Учурда келтирилген чыгымды эсептөө үчүн Жарандык коргонуу комиссиялары жер-жерлерде иш алып барууда.