Ошто чек ара кызматкерлерине үй тапшырылды. 216 батирдин ачкычын салтанаттуу түрдө президент Садыр Жапаров ыйгарды. Тогуз кабаттуу 3 корпустан турган турак жай 2016-жылы Коргоо министрлигинин эсебине курулган.
Батирдин 56сы чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилди. Белгилеп кетсек, кечээ Кыргызстанда Чек ара күнү белгиленди.