Ошто мончонун суу казаны жарылып, жети адам жабыркады

Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.

 

Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткирилди.