Ошто жана облустук борборлордо милициянын кайгуул кызматы киргизиле баштады

Ошто жана облустук борборлордо милициянын кайгуул кызматы киргизиле баштады.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жаңы кызматкерлер атайын окуудан өтөт.

Жаңы түзүмдүн кызматкерлери ушул жылы 1-июлдан тартып коомдук тартипти жана жол

кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Өкмөттүн аппаратынан белгилешкендей,

Бишкекте милициянын кайгуул кызматын түзүү долбоору жакшы жыйынтыгын берди.

Эске салсак, ордо калаада аталган түзүм ушул жылдын күзүнөн бери иштеп жатат.