Пакистанда TikTok тиркемесине тыюу салынды. Маалыматка ылайык, өлкө бийлиги мындай кадамга жашоочулардын даттанууларынан улам барган. Буга чейин өлкө бийлиги аталган тиркеменин контентин “иретке келтирүү” боюнча эскертүүлөрдү берип келген.
TikTok 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында өтө популярдуу.