Президент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

 

Ал мындан тышкары Максат Асаналиевдин талапкерлиги боюнча Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жиберген документтин социалдык тармактарга чыгып кетиши боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын айтты.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп иштеген.

 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

 

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.