Үрүмчүдө кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды

Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташуу борборунун кеңсеси ачылды. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

 

Аталган борбор Синлун индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан жана 400 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт. Борбордун негизги максаты эки тараптан тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай бизнеси үчүн платформа түзүү болуп саналат.

 

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестициялоо багыттары жана кыргыз жана кытай ишканаларынын биргелешкен кызматташтыгы үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө актуалдуу маалыматтар сунушталат.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.