Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

Россия Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө 51 медицина кызматкер, жеке коргонуучу каражат жана дары-дармек жөнөтөт.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жардам өлкөгө 22-июлда келиши күтүлүүдө.

Белгилеп кетсек, буга чейин Россия биздин өлкөгө ПЦР-тест-системаларды, дары-дармектерди,

медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырган.