Румыния кыргызстандык абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр

Бухарест шаарында Кыргызстандын Румыниядагы (резиденциясы Киев шаарында жайгашкан) элчилигинин кызматкерлери Румыниянын Политехникалык университетинин ректору М.Костои менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Кыргызстан тарап университет менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, ЖОЖдор менен байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде ректор Костои быйылкы окуу жылында Кыргызстандан келген абитуриенттер үчүн бекер квота берүүгө даяр экенин айтты.

Университет Кыргызстандагы кызыктар болгон ЖОЖдор менен келишим долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.