Сүлүктүдө Исхак Раззаковдун айкели орнотулду

Эл баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына орнотулду.

 

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, айкелди орнотуу иштерине жалпы 400миң сом жумшалган. Анын 250 миң сомун шаардын 50 жаштагы тургундары, 150 миң сомун шаардын дагы башка демөөрчүлөрү жыйнап берген.

 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн жетекчилер шаар тургундарынын бул аракетин мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүр таржымалын, эмгек жолун, инсандык асыл сапаттарын келечек муунга жеткирүүгө зор өбөлгө болоорун белгилешти.