Садыр Жапаров Жер трансформациясы жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров Жер трансформациясы жөнүндө мыйзамга кол койду.

 

Документ көптөгөн жылдардан бери мыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп, талаш жараткан тилкелердеги жарандардын маселелерин чечүүгө багытталат.

 

Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, баалардын көтөрүлүшүн жана пандемияны эске алуу менен мыйзам чегинде мындай жарандарды компенсация төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынган.