Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик доза менен эмдөө иш-чарасын активдештирүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик доза менен эмдөө иш-чарасын активдештирүүдө.

 

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бустерди 4-6 ай мурда коронавирустан вакцинанын толук курсунан өткөн жарандардын бардыгы ала алат.

 

Республика аймагында бүгүнкү күндө “синофарм” жана “файзер” вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат, препараттар жетиштүү көлөмдө бар, — дешет адистер.