Саламаттыкты сактоо министрлиги карантин жана өзгөчө абал режимин майдын ортосуна чейин узартууну четке какпайт

Саламаттыкты сактоо министрлиги карантин жана өзгөчө абал режимин майдын ортосуна чейин узартууну четке какпайт. Ведомство жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, бардыгы эпидемиологиялык абалга көз каранды.

 

Коронавирустун туу чокусунан кийин жыйынтык чыгарса болот.

 

Үсөнбаев белгилегендей, катаал чектөө чараларын киргизүү үчүн олуттуу себептер болушу керек. Эске салсак, Кыргызстанда вирустун жайылышынын туу чокусу болжол менен 20-24-апрелге туура келет деп күтүлүүдө.