Салык кызматы соодагерлерди текшерүүгө мораторийди узартты

Мамлекеттик салык кызматы министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторийди узартты.

 

2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган.

 

Мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана административдик айыптарды салбайт.