Электрондук документ жүгүртүү системасы кеңейтилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук документ жүгүртүү системасын кеңейтип, жарандарды жана ишканаларды колдонуучулардын тизмесине киргизүүнү сунуштоодо. Бул аларга мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары менен эффективдүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

 

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө системада 800дөн ашык ведомство жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бар. Бул мамлекеттик органдарга бир катар артыкчылыктарды, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасынын сакталышын, коопсуздугун камсыз кылуу жана иштен чыккан же бузулган учурда калыбына келтирүүнү камсыз кылат.