Сауд Арабияда футбол курамасы Аргентинаны жеңип алганынын урматына бүгүн эс алуу жарыяланды. Мындай чечимди өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд жергиликтүү эл сенсациялык жеңишти майрамдашы үчүн кабыл алды.
Эске салсак, дүйнө чемпионатынын тайпалык этабында Сауд Арабия футболчулары кечээ Аргентина курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Учурда С тобунда арабдар лидерлик позицияда турат. Анда 3 упай бар. Мексика жана Польшада 1ден упай, ал эми Аргентина 0 упай менен акыркы позицияда жайгашат.