Сауд Аравия Кыргызстанга 25 тонна курма берди

Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.

 

Белгиленгендей, жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитарды жардам борбору тарабынан ишке ашырылууда.