Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мектеп 8 жылдан бери курулуп бүтө элек

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы мектеп 8 жылдан бери курулуп бүтө элек.

Жогорку Кеңештин сайтында айтылгандай, объекти 700 окуучуга чакталат жана анын

сметалык баасы 174 миллион сомду түзгөн. Бирок куруучу компаниядан билдиришкендей,

мектепти толук куруп, жабдуулар менен камсыздоого 200 миллион сомдон ашык керектелет.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш комитетинин мүчөлөрү жумушчу топ түзөт.

Алар мектептин курулушу эмне себептен созулуп жатканын аныктап, текшерүү иштерин жүргүзөт.