“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара катуу кар жааганга байланыштуу. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.
Ал эми жеңил унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө, болгону айдоочуларга жол эрежелерин сактоо сунушталат. Учурда тоолуу аймактарда кар жаап, жолдорго муз тоңду.