Тажикстанда Кытай жарандарынын өлкөгө киришине чектөө сунушталды.
Тажик бийлиги Кытайда короновирус тууралуу маалымат тарагандан кийин
аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирет.
Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык-карантин түйүндөрү бар.
Кандайдыр бир вирус аныкталса, көзөмөл күчөтүлүп, алар күнү-түнү иштөө режимине өтөт.
Ар бир аэропортто заманбап дарт аныктоочу аппараттар бар.
Ошондой эле бийлик өкүлдөрү жарандарга кырдаал турукташканга чейин
Кытайга барбай турууну сунуштады.