Токмок шаарындагы медицина кызматкерлери да Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти.
Алар кызыл зонада, мобилдик топтордо иштегендер, — дешти калаа бийлигинен.
Маалыматка караганда, ден-соолугун чыңдоо үчүн үй-бүлөлүк медицина борборунан
15 кызматкер, аймактык оорукананын 15 адиси жана 3 куткаруучу жөнөтүлдү.
Ар бир кызматкердин бир күндүк эс алуусуна 600 сомдон каралды.
Алар 3 күн эс алышат. Эске салсак, кечээ Бишкектеги дарыгерлердин тобу да
Ысык-Көлгө реаблитациялоо максатында жиберилди.