Токмоктогу инфекциялык оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр

Токмоктогу инфекциялык оорукана бейтаптарды кабыл алууга даяр.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Медициналык жайдагы капиталдык ондоп-түзөө иштери толугу менен жыйынтыкталды.

 

Оорукана 216 орунга эсептелген. Калыбына келтирүү иштерине 45 миллион сом бөлүнгөн. Суммага ошондой эле, ооруканага зарыл техника жана эмерек сатылып алынды.