Токтогул суу сактагычында 10,8 млрд метр куб суу топтолду

Токтогул суу сактагычында 27-июнга карата 10 млрд 826 млн метр куб суу топтолду. Бир ай мурда — 27-май күнү анда 9,5 млрд метр куб суу бар болчу. Былтыр ушул күнү суу сактагычта 10,079 млрд метр куб суу болгон.

«Электр станциялары» ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 972 метр куб суу агып кирсе, 449 метр куб суу иштетилүүдө.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин азайткан.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.

Электр энергиясынын баасы былтыр 1-июнда көтөрүлгөн. Өкмөт тариф жыл сайын инфляциянын ченемине жараша өсүп турарын билдирген. Ага ылайык, быйыл 1-майдан тарта баалар дагы кымбаттап, айына 700 киловатт/саатка чейин электр жарыгын керектегендер жана бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар үчүн 11 тыйынга, андан көп жаккандарга 23 тыйынга өстү.

Электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга бир киловатт/саат электр энергиясы 35 тыйынга кымбаттады.

2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп кала турганын эскерткен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.