Токтогул сууга толууда

Токтогул сууга толууда. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурга карата башкы гидроэлектронстанцияда суунун көлөмү 11,5 миллиард кубометрден ашты.

 

Суунун орточо келүүсү 996 кубометр болсо, чыгышы – 357 кубометр. Буга карабай, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда. Адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууну сунуштайт.