Учурда Бишкекте катталып жаткан аптаптуу ысыктан сактануу жолдору айтылды

Учурда Бишкекте катталып жаткан аптаптуу ысыктан сактануу жолдору айтылды. Синоптиктердин маалыматына ылайк, Кыргызстанда июндун соңку күндөрү өтө ысык болот.

 

Андыктан, жарандарга күндүз зарыл жумушу жок болсо сыртка чыгуудан баш тартып, сейилдөөгө таңга маал же кечкисин гана чыгуу сунушталат. Жанында таза суу алып жүрүү керек.

 

Кийим тандоодо табигый кездемелерге жана ачык түстөргө басым жасоо зарыл. Белгилеп кетсек, Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең Бишкекте күн 40 градуска чейин ысыйт.