Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган. Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу.
Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда.
Белгилеп кетсек, мындай чектөө жубайлардын биринин күнөөсү менен үй-бүлө каржылык оор абалга кабылган учурларды токтотууга багытталган.