“Унаа” мамлекеттик ишканасынын дагы 6 бөлүмү жабылды

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын дагы 6 бөлүмү жабылды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол,

Кочкор жана Жумгалдагы бөлүмдөр 19-июлга чейин карантинге жабылды. Мындан тышкары,

Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун  иш күндөрү кыскартылып,

ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү гана иштейт. Эске салсак, буга чейин

“Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук

бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.