WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болот. Анын жардамы менен мессенджердин ичиндеги атайын чаттан колдоо кызматына байланышса боло турганын WeBetaInfo порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, Android үчүн оңдоп-түзөөлөр менюсунда жаңы бөлүм киргизилди. Анда колдонуучу көйгөйлөр жөнүндө сурам түзүп, атайын чаттан техникалык адис менен байланыша алат. Функция тестирлөөдөн өтүүдө.