Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жумуштары 50 пайызга аткарылды.
Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда ички жумуштары жүрүп жатат.
Анда инженердик тармактар жана күзөт-өрт сигнализациясы жакынкы аралыкта орнотулуп бүтөт.
Объектиде жалпысынан 50 жумушчу иштеп жатат.
Аталган медициналык мекемеде бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлөт.