Ысык-Көлдө эт өндүрүүчү ири комбинат курулууда

Ысык-Көлдө эт өндүрүүчү ири комбинат курулууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, ишкана Каракол шаарында ушул жылдын август айында салынып баштады.

 

Ал кийинки жылы колдонууга берилет деп пландалууда. Комбинат ишке кирген соң, анда жылына 7 миң тоннадан ашык эт өндүрүлүп, 150 жаңы жумуш орду түзүлөт.

 

Ишкананын максаты — асыл тукум чарбасын өнүктүрүү, окуу борборун түзүү, фермерлерди ишке тартуу, эт продукциясынын рыногун өнүктүрүү боюнча эт кластерин түзүү.