Өзгөндө 1-сентябрга карата 225 орундуу жаңы мектеп ачылат

Өзгөн районунун Большевик айылында 1-сентябрда 225 орундуу жаңы мектеп ачылат.

Куруучулар учурда имараттын чатырын жаап, терезе блокторун орнотуп, электромонтаждоо ишин аякташты.

Акыркы этапта, ички жасалгалоо иштери, ошондой эле жылуулук, суу менен камсыздоо, канализация жана тышкы тармактарды орнотуу жумуштары калды.

Мындан тышкары, сырткы жасалгалоо иштери башталды.

Курулуштун сметалык баасы 870 миң доллардан ашты.