Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун куруу уланууда

Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун куруу уланууда.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,

объекти 100 орунга чакталат. Учурда чатырын жабуу, бөлмө аралык түзүмдөрдү орнотуу,

ички жана тышкы шыбак иштери аткарылып жатат. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилди.

Ушул убакка чейин жалпы сумманын 50 миллион сому сарпталды.

Объекти ноябрь айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.