Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда калкты тейлөө борбору ачылды. Ал Масы айылында жайгашат. Имаратты курууга аймакты өнүктүрүү фондунан  24 миллион сом бөлүнгөн.

 

Борбордо райондун 140 миңден ашык тургунуна паспорт, нике күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жерри боюнча маалымкат, кайра каттоо жана башка бир катар документтерди алуу боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Ошондой эле анда нотариус жана ЗАГС бөлүмдөрү бар.